Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу

Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Окуя кыргыз-өзбек чек арасынын такталбаган аймагында болгон. 

Ага байланыштуу Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анын натыйжасында Кыргызстандын жарандарына 520 баш мал кайтарылган. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чырдын өрчүшүнө жол бербөө чараларын талкуулашты. 

Чек арачылар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө,- деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, 6-январда кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандыктардын малы эки өлкө ортосундагы такталбаган аймакка өтүп кеткен. 

Мындан улам малын издеп барган жарандар менен коңшу өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан.