Жаңылыктар
Кыргызстанда 2020-жылы жогорку окуу жайларга болгон талаптар катуулайт
Билим
Кыргызстанда 2020-жылы жогорку окуу жайларга болгон талаптар катуулайт

Кыргызстанда 2020-жылы ачыла турган жогорку окуу жайларга лицензия берүүдөгү талаптар катуулайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди. ъ

Анын айтымында, аккредитациялык комиссия менен да иш алып барылат. "Жаңы окуу жайларга лицензия берүүдөгү талаптарды катуулатуу аракеттери жүрүп жатат. Аккредитациядан өтпөгөн программалар жабылат жана абитуриенттер ал жакка тапшырбайт", — деди Өмүров. 

Ошондой эле Өмүров, 2019-жылы өлкөдөгү мыкты жана начар окуу жайларды аныктоочу рейтинг түзүү боюнча программа ишке киргенин кошумчалады. Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушул тапта 66 жогорку окуу жайы бар, анда 168 миңден ашуун студент билим алат.