Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы балбандардын дүйнөлүк рейтингинде 1-орунду ээледи.
Аталган рейтингди Эл аралык күрөш федерациясы — күрөш боюнча дүйнөлүк бирикме жаңылап турат. 2020-жылдагы биринчи рейтинг 2019-жылдагы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн чемпионаттын жыйынтыгы менен түзүлдү.
Эске салсак, анда Тыныбекова эркин күрөш боюнча дүйнөлүк биринчиликте жеңип, алтын медалдын ээси болгон.