Жаңылыктар
АКШ - Иран мамилесинин суушу алтындын баасынын өсүшүнө алып келди
Дүйнө
АКШ - Иран мамилесинин суушу алтындын баасынын өсүшүнө алып келди

Түркияда жүргүнчүлөрдү ташыган учак конордо тилкеден чыгып кетти.


Жакынкы Чыгышта абалдын курчуп кеткенине байланыштуу алтындын баасы өсүп, 2013-жылдан берки рекордду жаңылады.


Австралиядагы тилсиз жоодон жабыркагандарга дүйнөлүк белгилүү жылдыздар акчалай жардам көрсөтүп жатат.


Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жаза катаалдады.


Кытайда сырдуу дем алуу жолдорунун оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө.


Түркиянын Стамбул шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган учак конуп жатканда конуу тилкесинен чыгып кетти. Окуя кечээ 7-январда саат 09:05те болгонун «Haberler.com» басылмасы жазды.«Сабиха Гөкчен» аэропорту жабылып, учакты конуу тилкесине алып келүү иштери уланып жатат. Кырсыктан каза болгондор жана жабыркагандар жок.«Түрк аба жолдору" авикомпаниясынын башкы директору Билал Екши саат 15:00гө чейин аталган аэропортто учак учпай жана конбой турганын айткан. Учактын конуу тилкесинен чыгып кеткенине туруксуз аба ырайы себеп болгону айтылды. Учактагы 164 жүргүнчү сыртка чыгарылды, жабыркагандар жок», - деп жазды басылма.


Жакынкы Чыгышта абалдын курчуп кеткенине байланыштуу алтындын баасы 2,3 пайызга өсүп, 2013-жылдан берки рекордду жаңылады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Аналитиктер баалуу металл мындан ары дагы кымбаттап, керек болсо нефтинин көрсөткүчтөрүнөн ашып кетет деп божомолдоодо.Алтындан тышкары палладийдин баасы дагы рекорд жаратты. Азыр анын баасы унцийине 2030 доллар деп бааланууда. Ал эми күмүш 18,5 доллар турат.

Эске салсак, 3-январь күнү ирандык генерал Касем Сулеймани каза болгон соң нефтинин баасы эки пайызга өсүп кеткен.


Кытайдын Ухань шаарында сырдуу дем алуу жолдорунун оорусуна чалдыккандардын саны 59га жетти. Оорунун себеби азырынча тактала электигин чет элдик басылмалар жазууда.Ухань шаарынын саламаттыкты сактоо кызматкерлери билдиргендей, 7 адам оор абалда жатат.“Кытайдын бул багытта иш алып барган тармагы декабрдын аягында Уханда пневмония оорусунун белгисиз түрү күч алганын билдирген. 2020-жылдын 3-январына карата шаар ичинде вирустук пневмониянын 44 учуру катталганы айтылган. Айрым дарыгерлер бул сырдуу оору сасык тумоо, куш тумоосу же аденовирус болушу мүмкүн деген божомолдорун айткан. Бирок жергиликтүү саламаттыкты сактоо кызматкерлери мындай маалымат чындыкка дал келбей турганын белеген. Ал эми Гонконгдун жергиликтүү бийлиги “жаңы пневмония түрү” делген оорунун өткөн айдан бери 15 кишиде катталганын маалымдаган.Учурда бардык бейтаптар дарылануудан өтүп жатканы белгилүү болду. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөткүчтөрүнө таянсак, бүгүнкү күнгө чейин дем алуу жолдорунун оорусуна 8 миңден ашуун адам чалдыккан, анын ичинен 775 жаран каза болгон.


Дүйнөлүк жылдыздар Австралиядагы тилсиз жоодон жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазды. Австралиялык актёр Крис Хэмсворт 1 миллион доллар акчасын өлкөдөгү тилсиз жоодон жабыркагандар үчүн жардам катары берет.Актёрдун айтымында, акча тилсиз жоодон жабыркагандарга жумшалат. “Алды жакта өрт менен күрөшүп, жабыркап, жараат алгандар сөзсүз колдоого муктаж” деп билдирген ал.Хэмсворт Австралиядагы өрттөн жапа чеккендерге жардамдашкан биринчи дүйнөлүк жылдыз эмес. Буга чейин австралиялык жана америкалык актриса Николь Кидман жарым миллион доллар акчалай жардамын аймактык өрт өчүрүү кызматына берген. Мындан кийин ага ырчы Пинк кошулуп, ал 500 миң доллар бөлгөн. Аталган кайгылуу окуядан жабыркагандарга жардам көрсөткөн белгилүүлөрдүн тизмесине актриса Хилари Дафф, ырчы Селена Гомес, актёр Рассел Кроу жана башкалар кошулган.Австралиядагы өрттөн жапа чеккендерге жардам берүү дүйнөлүк спорт жылдыздары тарабынан дагы жүргүзүлүүдө. Алар дагы кайгылуу окуяга кайдыгер карабай, колдорунан чыккан акчалай жардамдарын көрсөтүшүүдө. Алардын арасында австралиялык теннисчи Ник Кирьос, россиялык теннисчи Мария Шарапова бар.Белгилей кетсек, Австралиянын аймагында 2019-жылдын октябрь айында өрт чыккан. Токойду каптаган тилсиз жоо бүгүнкү күнгө чейин өчүрүлө элек. 5 миллиондон ашуун гектар аймакты жалмаган өрттүн кесепетинен 24 адамдын өмүрү кыйылып, 500 миллиондон ашуун жаныбар күйүп кеткен.


Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жаза катаалдады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.Буга чейин үй-бүлөгө тынчтык бербеген адамга жаза катары айып салынып келсе, эми 2020-жылдан баштап алар камакка алына баштайт.“Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жабырлануучунун денесине жеңил залака келтирилсе, ал 15 суткага камакка алынат же ага эскертүү берилет. Кол көтөрүп, бирок андан жабырлануучунун ден соолугуна доо кетпесе, 10 суткага камалат же эскертүү берилет. Эгер зомбулук кайталана берсе, эскертүүсүз 20 суткага камакка алынат”, - деп айтылат маалыматта. Маалым болгондой, мурда Казакстанда мындай жорук үчүн адам айып пул гана төлөчү. Анда ал акчаны үй-бүлөлүк жалпы бюджеттен төлөгөндүктөн, кайрадан эле жакындарына зыян келтирген болот. Мындан улам Казакстандын күч органдары мындай жорук үчүн айып пул гана салуу жетишсиз экенин айтып чыгышкан.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"