Жаңылыктар
Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу 12 жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу 12 жылга эркинен ажыратылды

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Муралиевди мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга соттоду. 

Эске салсак, Алтынбек Муралиев кызматтык сыр камтылган материалдарды чет элдик уюмдарга берүү максатында чогултуу жана берүү беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2014-жылдын 1-ноябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.

 Алтынбек Муралиев 1999-2000-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болгон Амангелди Муралиевдин уулу.