Жаңылыктар
Өзгөн районунун тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды
Кылмыш
Өзгөн районунун тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды

Ош облусунун Өзгөн районундагы Большевик айылынын тургуну баңгизат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Ош ШИИБдин кызматкерлери ИИМдин аймактык баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 62 жаштагы «Дудай» аттуу каймана аты бар жаранды кармашкан. Алынган маалыматка караганда, аталган жаран баңгизаттарды сатуу менен алектенген. 

Натыйжада, күбөлөрдүн катышуусундагы тинтүү учурунда, анын жашаган үйүнөн болжолдуу салмагы 4 килограммды түзгөн, өзгөчө жыты бар зат жана ок атуучу курал табылган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.