Жаңылыктар
Турак-жайды камсыздандыргандардын саны аз
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жайды камсыздандыргандардын саны аз

1200дөн ашуун кыргызстандык турак жайын камсыздап алды. Бул туурасында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму башкармалыгынын төрагасы Бакыт Жумашев билдирди.

Эске салсак, февраль айынан тарта турак жайды жана имараттарды өрттөн жана табият кырсыктарынан милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы күчүнө кирген. Камсыздандыруунун бир жылдык тарифи өкмөттүн токтому менен бекитилген. 

Ага ылайык, турак жайды бир жылга камсыздандыруу шаарда 1200 сом, айыл жергесинде 600 сомду түзөт. Бирок, мыйзам милдеттендирбейт, камсыздандыруу жеке каалоо менен гана ишке ашат. Ал эми камсыздандыруудан баш тарткандарга, эгерде табият кырсыгы каттала турган болсо турак жайын калыбына келтирүү үчүн кенемте жана ссуда берилбейт. 

Камсыздандыруу төлөмү айыл жергесинде 500 миң сомго чейин, шаарда 1 миллион сомго чейинки каражатты түзөт. Каражат бөлүү келтириген зыяндын деңгээлине жараша болот.