Жаңылыктар
2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп жарыяланды. Буга чейинки эки жылда региондорду мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги пайдубалдар түптөлдү. 

Санариптештирүүнүн алкагында сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жасалды. Белгиленген багыттар быйылкы жылы дагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда. Жарлыкка ылайык, өлкөнүн мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын маанилүү милдети катары региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу аныкталды. Өкмөткө Жарлыкта конкреттүү белгиленген бир катар милдеттерди жана багыттарды ишке ашыруу сунушталат.