Жаңылыктар
Бишкектеги кафелердин биринен тамактанган төрт адам ууланды
Кырсык
Бишкектеги кафелердин биринен тамактанган төрт адам ууланды

Бишкектеги кафелердин биринен тамактанган төрт адам ууланган. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, майрамдык эс алуу күндөрү Бишкек шаары боюнча бир уулануу фактысы катталып, анда төрт адам жабыркаган.

Жабыркагандар 3-январда “Белес” кафесинен тамактанышкан. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алардын абалы жеңилдеген. Учурда тамакка ууланган төрт адам амбулатордук дарыланууда. Ал эми адистер кафеде текшерүү жүргүзүп, бардык тамактардын, суунун, идиш-аяк жуучу каражат жана идиш-аяктардан үлгүлөр алынып, экспертизага жөнөтүшкөн. Андан тышкары, ашканада иштегендер текшерүүдөн өткөн.