Жаңылыктар
Балдар ооруканасы заманбап жабдуулар менен толукталды
Аймак
Балдар ооруканасы заманбап жабдуулар менен толукталды

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына жалпы суммасы 1 млн 990 миң сомго жаңы жабдуулар алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматта кабарлангандай, оорукананын пульмонология жана лор бөлүмдөрүнө 1 млн 400 миң сомго жаңы керебеттер, ошондой эле урологиялык ооруларды текшерүү жана дарылоо процедураларын жүргүзүү үчүн 590 миң сомго атайын жабдык сатып алынды. 

Уретрит, табарсыкта таш пайда болуусу жана заара чыгаруу системасынын аномалиясынын өнүгүшү жана башка оорулардын алдын алуу жана дарыланышына жакшы шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, эндоскопиялык аппараттардын санитардык нормага жооп берүүсү үчүн атайын бөлмө оңдоодон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.