Жаңылыктар
Орус драма театрын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды
Кыргызстан жаңылыктары
Орус драма театрын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланды

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн 93 млн сомго чейин суммага тендер жарыяланды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулардын сайтына чыкты. Тендерге катышуучалар, имаратты, бардык цехтерди жана маданий иш-чаралар өтүүчү чоң, кичи залдарын оңдошмокчу. Ошондой эле, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуу тутуму, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдолот. Тендер 2019-жылдын 26-декабрында башталган. 17-январга чейин уланат.