Жаңылыктар
2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды
Саясат
2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды

Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды. Мындай пикирин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди. Жыйында 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" деп жарыяланган жылдын алкагында пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду. Ал мамлекеттин бакубатчылыгы үй-бүлөнүн бакубатчылыгынан түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Үй-бүлөнүн пайдубалын бекемдөөгө ар дайым кылдат көңүл буруу, эне жана баланы социалдык жана укуктук жактан коргоону камсыз кылуу чоң мааниге ээ экенин айтты. 

Президент милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн бийликтин бардык бутактары менен мындан ары да натыйжалуу кызматташуунун маанисин баса белгиледи. Мамлекет башчысы акыркы эки жылда региондорду өнүктүрүү, элет ишкерлеринин демилгелерин колдоо, жаңы жумуш орундарды түзүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация тутумун жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганына токтолду. 

Тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар жөнүндө айтып жатып, мамлекет башчы жакынкы өнөктөштөр жана алыскы чет мамлекеттер менен өз ара пайдалуу жана натыйжалуу диалогду улантуу зарылдыгын белгиледи. Биринчи кезектеги милдеттердин катарында Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана Улуу Ата мекендик Согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын алкагында өтө турган иш-чаралар аныкталды.