Жаңылыктар
Кыргызстандык беш спортчу Токиодогу Олимпиада оюндарына катышат
Спорт
Кыргызстандык беш спортчу Токиодогу Олимпиада оюндарына катышат

Кыргызстандык беш спортчу Токиодогу 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Олимпиада оюндарынын расмий сайтында мелдештердин жүгүртмөсү жарыяланды. Оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи ушул жылдын 24-июлунда өтөт. Анда Денис Петрашов сууда сүзүүнүн эки түрү боюнча катышат. 

Жөө күлүктөр Дарья Маслова жана Юлия Андреева 8-августта марафондо чуркашат. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки балбан Атабек Азизбеков жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова 4-августта мелдештин жарым чейрек финалынан баштап катышышат.