Жаңылыктар
Кыргызстан 2019-жылдын он айында 23 миң тоннага чукул сүт экспорттоду
Экономика
Кыргызстан 2019-жылдын он айында 23 миң тоннага чукул сүт экспорттоду

Кыргызстан 2019-жылдын он айында 23 миң тоннага чукул сүт экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өндүрүлгөн продукциянын жалпы суммасы 35 млн доллардан ашкан. Ал эми талдоонун жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу жогору. Белгилей кетсек, анда 19 миң тоннадай сүт эскпорттолуп, жыйырма төрт жарым млн долларга жакын киреше алып келген. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 2,3 пайызга жогорулаган.