Менталдык арифметика боюнча окуучулар арасында республикалык олимпиада башталды. Ага облустук деңгээлде жеңүүчү аталган 300гө жакын окуучу катышууда. Сынактын жыйынтыгы 10-январда чыгарылат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү 26-27-мартта Дубай шаарында өтө турган менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага жолдомо алышат.