Жаңылыктар
Шахмат федерациясындагы ажырым жаш шахматчыларды эки топко бөлдү
Спорт
Шахмат федерациясындагы ажырым жаш шахматчыларды эки топко бөлдү

Шахмат боюнча 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар арасында Кыргызстандын чемпиондугу ар башка эки жерде өтүүдө. Буга шахмат федерациясындагы ажырым себеп болду. Федерация мүчөлөрү 23-ноябрда өткөргөн жыйында жаңы төраганы шайласа, буга чейинки жетекчи курултайдын жыйынтыгын тааныган эмес. Ал уставдын жоболору сакталбаганын белгилейт. Федерациядагы ажырым эми балдар арасындагы турнирге да таасирин тийгизип, эки тарап уюштурган ар башка мелдеш жаш шахматчыларды эки топко бөлдү. Эл аралык шахмат федерациясы кайсы турнирдин жыйынтыгын тааныйт деген суроо жаралууда.

Өлкөнүн шахмат федерациясынын жарымына жакын мүчөсү уюмдун жетекчисин алмаштырган. Алар Милан Турпановду федерацияга таандык каражаттын сарпталганы тууралуу маалымат бербегенин белгилешет. Бирок 23-ноябрдагы жыйынды өткөрбөө тууралуу соттун аныктамасы бар. Турпанов дал ушул жагдайды жүйөө келтирип, федерация президентин шайлоодо одоно ката кеткен деп эсептейт.

Шахмат федерациясынын токсондой мүчөсүнүн колдоосун алып, уюмга жетекчилик кылып жаткан Талант Мамытов да өз чындыгын айтууда. Ал курултайды өткөрүүгө жалпы мүчөлөрдүн 30 пайызынын гана макулдугун алуу жетиштүү экенин белгилейт. Юстиция министрлиги уюмдун президенти деп Мамытовду каттаган.

Федерациядагы ажырым оюнчуларды да экиге бөлдү. Эки тарап эки башка жакта балдар арасындагы өлкө чемпиондугун өткөрүүдө. Ар биринде 250дөй бала күч сынашууда. Арасында алыскы аймактардан келгендер бар. Жеңүүчүлөр быйыл боло турган дүйнө биринчилиги менен Азия чемпиондугуна катышат. Бирок Эл аралык шахмат федерациясы эки турнирдин кайсынысынын жыйынтыгын тааныйт деген суроо жаралууда.

Уюмдун Турпанов уюштуруп жаткан курултайы 12-январга белгиленген. Ал өзүнө каршы тараптарды да жыйынга катышууга чакырып жатат. Ал эми талаш жараткан маселе Бишкек шаардык сотунда Талант Мамытовдун тарапкерлеринин кайрылуусу менен 15-январда каралганы турат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болсо учурда өтүп жаткан эки турнир тең агенттик менен макулдашылбаганын, мелдештин регламенти тууралуу маалымат берилбегенин билдирүүдө.