Жаңылыктар
Иранда кулаган учактын кыйрашынын себеби белгилүү болду
Дүйнө
Иранда кулаган учактын кыйрашынын себеби белгилүү болду

1. Иранда кулаган учактын кыйрашынын себеби айтылды.



2. Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган Сулейманинин өлүмүнөн кийин Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу талкуулашты.



3. Мексикалыктар узун нан жасап рекорд коюшту.



4. Австралиядагы кургакчылыктын айынан 10 миңге чукул жапайы төө жок кылынат.


8-январда Тегеранда Украинага таандык Боинг 737 учагы кулаган. Учактын кыйрашына кыймылдаткычтын күйүп кеткени себеп болгону айтылды.Учактын кулашына Ирандын АКШнын аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку урганынын тиешеси жок экенин "Украинанын эл аралык авиакаттамдары" компаниясы Украинанын элчилигине кабарлаган. Ошондой эле аталган авиакомпания Тегеран-Киев каттамына 168 жүргүнчү отурганын, бир нече адам бортко түшпөй калганын билдирген. Учакта 9 экипаж мүчөсү болгон.Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 180 жүргүнчү бар экени айтылган. Кийин такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болгону белгилүү болду. Жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Алардын арасында Ирандын 71 жараны, Канаданын 73, Улуу Британиянын 3, Германиянын 4, Швециянын 8, Афганситандын 6 жана Украинанын 2 жараны бар экени аныкталды.


Россиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ирандын экинчи таасирдүү адамы болгон генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы билдирген.Анын билдиргенине ылайык, буга чейин Владимир Путин Дамаскка барып, Сириянын өлкө башчысы Башар Асад менен жолугушуп Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, тилекке каршы, абал курч бойдон турганын билдирген."Бул окуядан көп өтпөй тактап айтканда, Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин биздин өлкө башчыбыз дипломатиялык иштерди жүргүзүп жатат. Бул маселеде талкуулоо Владимир Путиндин биздин өлкөдөгү сапарынын эң негизги сүйлөшүүлөрдөн болуп калды", - деп Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрагим Калын билдирген.


Австралия бийлиги токой өрттөнүп жатканда сууну көп талап кылган 10 миңге чукул  жапайы төөнү жок кылууну чечти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Токойдогу өрттүн кесепетинен, абанын ысыктыгынан Австралиядагы төөлөр сууну башка жаныбарларга караганда көбүрөөк талап кылууда. Бул өз учурунда суу тартыштыгын жараткан. Суусаган жапайы жаныбарлар адамдардын турак-жайларына чейин келип, алардын сууларын да ичип кетүүдө. Адамдардын да өмүрүнө коркунуч келтирип жаткандыктан, төөлөрдүн санын кыскартуу, өрт күч алып, суу тартыш болгон аймактардагы төөлөрдү жок кылуу чечими кабыл алынган.Маалыматка ылайык, төөлөрдү жок кылуу иши 8-январда мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлө баштады. 5 күндүн аралыгында 10 миңге чакын төөнү жок кылуу пландалган. Өлтүрүлгөн төөлөрдүн сөөгү көмүлөт же өрттөлөт деп жазган The Hill басылмасы. Эске салсак, 2010-жылдагы маалымат боюнча, Австралиянын 3 штатында жана түндүк аймагында миллиондой төө байырлаган.


Мексикалыктар нан жасап рекорд коюшту. Тисимин шаарынын жашоочулары  узундугу 3 чакырым болгон азыкты жасашкан. Бул нан Гиннестин рекорддор китебине каттого алынды. Мындай испан нанын салттуу түрдө Крещение майрамында жешет. Аны жасаш үчүн ашпозчулар 2,5 тонна ун, 13,5 миң жумуртка, 187кг май жана 50 кг туз, дагы ошончо ачыткы жана 100кг кум шекер кошушкан. Роска де рейес деп аталган азык мексиканын ысык шоколады менен же болбосо мексикалыктардын улуттук суусундугу аталган атоле башкача айтканда жүгөрүдөн жасалган ичимдик менен желет

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"