Жаңылыктар
КТРКнын алдында кумсаларга каршы акция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКнын алдында кумсаларга каршы акция өттү

КТРКнын алдында кумсаларга каршы нааразычылык акциясы өттү. Ага 30тан ашык адам катышты. Нааразычылык акциясынын уюштуруучулары "массалык маалымат каражаттары аркылуу кумсаларды пропагандалоо жүрүп жатат. Мындай көрүнүшкө каршы күрөшүү керек" деген пикирлерин билдиришти. 


Алар менен жолугууга чыккан КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков, эфирден кеткен ар бир берүү үчүн жоопкерчиликтен качпарын айтып, нааразы тарапка бул маселенин алкагында түз эфир берүүнү убада кылды.

"КТРК ар бир жаран үчүн бирдей иштеши керек. Ал көрсөтүүлөрдү тандап же тыюу салууга укугу жок. Анткени кумсалар да коомубуздун бир бөлүгү. Баардыгы мыйзам чегинде болушу шарт. Мыйзамга каршы иш кыла албайбыз". 

Эске салсак, буга чейин "Ой ордо" көрсөтүүсүндө кумсалардын укугу тууралуу талкуу болгон. Нааразычылык акциясынын чыгышына бул себеп болду. 

Фото: www.ktrk.kg