Жаңылыктар
Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-түзөө боюнча жыйын өттү
Аймак
Ак-Буура дарыясынын жээгин оңдоп-түзөө боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 9-январда Ош шаарынын Ак-Буура дарыясынын эки жээгин жашылдандыруу жана көрктөндүрүүсүн долбоорлоо, жер тилкелерин тактоо жана куруу иштери боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү жыйын курушту. Жыйында вице-мэр Жасур Азимов тийиштүү кызматтардан куралган жумушчу топтун маалыматтарын угуп, шаар мэринин койгон тапшырмалары боюнча айтты. 

Ак-Буура дарыясынын оңдоп-түзөөгө сунушталып жаткан аймагынын узундугу 5400 метрди түзөт. Биринчи этабында 1300 метр, экинчи этабында 1600 метр, үчүнчү этабында оңдоо иштери 2500 метрди түзөт.
Дарыянын жээгин көрктөндүрүү боюнча даярдалып жаткан долбоордо адамдар жүрүүчү жол, веложол, түнкү жарыктандыруу, адамдар өтүүчү көпүрөлөр жана эс алуучу жайлар каралган. Биринчи кезекте дарыянын жээктери таштар менен бекемделет.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Ак-Буура дарыясынын жээгин кыдырып чыгып, көрктөндүрүү, оңдоо, мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча тапшырмаларды берген.