Жаңылыктар
Биометрикалык паспортко байланыштуу чырга сот чекит койду
Коррупция
Биометрикалык паспортко байланыштуу чырга сот чекит койду

Биометрикалык паспорттун жаңы үлгүсүн жасоо боюнча өткөн тендер чырына айыпталган Мамлекеттик каттоо кызматынын үч кызматкерине сот өкүмү чыкты. Алар Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге жана Данияр Бакчиев,ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы Талант Абдуллаев эле. Маалыматтарга караганда, аты аталган шектүүлөрдү сот айып пул төлөөгө милдеттендирди. Азырынча айып пулдун көлөмү айтыла элек. Бирок айыптуулар сот өкүмү менен макул экени кабарланууда. 

Белгилей кетсек, өткөн жылы "Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери тендер өткөрүүдө өз кызыкчылыктары болгон" деген айып менен эки айга камакка алынган. 15-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Идрис Кадыркулов дагы дал ушул иштин айынан кызматынан өз арызы менен кеткен. 

Анын кетишине буга чейин аталган комитет тендерди утуп алган литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясынын утуп чыгышына кызыкдар болгон деп жогоруда аталган мамлекеттик каттоо кызматынан үч кызматкерине иш козгоп, Кадыркуловдун кызматтан кетүүсүнө дал ушул себеп болгон. “Гарсу Пасаулис” компаниясы дагы четте калбай Кыргызстан менен бул боюнча эл аралык арбитражда көрүшө тургандыгын эскерткен маалымат жарыяланган.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"