Жаңылыктар
Иран - АКШ мамилеси Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?
Саясат
Иран - АКШ мамилеси Кыргызстанга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Эл аралык коомчулукта АКШ менен Ирандын тирешүүсү улам курчуп баратканы белгиленүүдө. Бирок эксперттердин баамында, эки өлкө буга чейин эле өзөктүк куралдар боюнча тирешип келген. Ирандык генерал, региондо таасирдүү эсептелген Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин буга чейинки чыңалган мамиле өнүгүп кетти. Акыркы эки тараптуу аскердик тирешүүдөн кийин өлкөлөр орток пикир табышы мүмкүн. Мындай маалыматтарды Ирандын БУУдагы атайын өкүлү Тахт Раванчи дагы билдирип чыкты. Анын айтуусунда, өлкө Ирактагы АКШнын аскер базасына койгон чабуул менен Сулейманинин өчүн алды. Эгерде Америка кайрадан тирешин уланта берсе Иран дагы четте калбайт. 

Белгилей кетсек, 3-январда АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Иран буга жооп катары 8-январь күнү АКШнын Ирактагы аскер базасына ракеталык чабуул койду. Бул күнү кошмо штаттардын президенти Дональд Трамп билдирүү жасап, анда чабуулдан курмандыктар болбогону белгиленди. Мындан сырткары, Трамп Тегеран менен тирешүүдө Америка курал колдонбой тургандыгын, бирок экономикалык санкцияларды киргизүү күчөтүлө тургандыгын билдирүүсүндө айтты. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"