Жаңылыктар
Ишкерлерди колдоо багытында айрым салыктын түрлөрүнүн жеңилдиктер каралды
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлерди колдоо багытында айрым салыктын түрлөрүнүн жеңилдиктер каралды

2019-жылы айыл чарба продукциясын кайра өндүрүүчү ишкерлерге кошумча нарк салыгын 80%га чейин азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул туурасында экономика министринин орун басары Дастан Кадыров билдирди. Ошондой эле, соода-логистикалык борборлорго да жеңилдиктер берилген. Алсак, кошумча нарк салыгынан жана пайдага болгон салыктан, мүлк салыгынан жеңилдиктер каралган. Маалым болгондой, артыкчылыктуу аймактарга да жеңилдиктер берилген. Учурда бул багытта өлкөдө 30 шаар белгиленген. Анда иш алып барган инвестор, ишкерлерге 4 салыктын түрү боюнча жеңилдиктер каралган. Мындай аракеттер экономиканын жана экспорттун өсүшү үчүн багытталган.

"Айыл чарба кооперативдерин 2 салыктын түрүнөн бошотуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Мындан тышкары дагы 4 салык боюнча жеңилдиктер берилди. Мунун баары ата мекендик ишканаларга бутка турууга шарт түзүп, продукциясын экспортко чыгарууга багытталган",- деди Экономика министринин орун басары Дастан Кадыров.