Жаңылыктар
Бул жыл аймактарды өнүктүрүү, санарип жана балдарды колдоого арналат
Экономика
Бул жыл аймактарды өнүктүрүү, санарип жана балдарды колдоого арналат

2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Жарлыкта санарип демилгелерди өнүктүрүү максатында “Санарип Кыргызстан” атайын фондун түзүү, экспортко багытталган ишканаларга дем берүү жана тышкы рынокко ата мекендик айыл чарба продукцияларын чыгаруу боюнча чараларды күчөтүү камтылган. Ошондой эле 2020-2030-жылдарга социалдык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу каралган.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"