Жаңылыктар
Ирактагы качкындар лагеринде жашаган кыргызстандыктар өлкөгө кайтарылабы?
Дүйнө
Ирактагы качкындар лагеринде жашаган кыргызстандыктар өлкөгө кайтарылабы?

Сирия жана Ирак аймактарында качкындар лагеринде күн кечирген кыргызстандыктарды мекенине алып келүү маселеси менен жакындары акыйкатчыга кайрылышты. Ата-энелер алдамчылардын тузагына илинип адашкан уул-кыздарын тезирээк Кыргызстанга кайтарууну бийликтен суранышууда. Өлкөнүн башкы укук коргоочусу бул боюнча өкмөткө кат менен кайрылып, маселени тездетүүнү өтүнгөнүн билдирди. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Ирактагы кыргыз жарандарынын дайын-дарегин аныктоо ишин аяктап, учурда аларды мекенине кайтаруу маселесин талкуулап жатат. Ушундай эле иш-аракеттер Сириядагы атуулдар боюнча да жүрүүдө.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"