Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптан ок атуу токтоду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда. Баткен облусунун аймагында чек ара аскерлери күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. 

Аскерлердин аракеттерин Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев көзөмөлдөөдө. Ал эми чек арадагы өткөрмө бекеттер кадимки режимде иштеп жатат. 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжал болгонун ырастап, Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан ок атылганын маалымдады.