Жаңылыктар
Британиянын ханзаадасы жубайы менен падышалык үй-бүлө макамынан баш тартты
Дүйнө
Британиянын ханзаадасы жубайы менен падышалык үй-бүлө макамынан баш тартты

1.Грузияда оң рулдуу автомашиналарды алып кирүүгө тыюу салынды.

2.Британиянын ханзаадасы жубайы менен падышалык үй-бүлө макамынан баш тартты.

3.Өзбекстанда бут кийимине ири суммада акча катып бараткан жаран кармалды.


Грузияда 2020-жылдан тарта оң рулдуу автомашиналарды киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 9-январда Грузиянын биринчи каналы аталган өлкөнүн транспорт агенттигине шилтеме келтирип билдирди. Маалыматка караганда жаңы мыйзам ушул жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Бул убакытка чейин катталган оң рулдуу машиналарга тиешеси жок. Грузияда оң рулдуу машиналарды алып кирбөө тууралуу маселе көп убакыттан бери талкууланып келаткан. Ал гана эмес, оң рулдуу унааларды толугу менен мамлекеттен жок кылуу сунушталган. Грузия өкмөтү мындай мыйзамды кабыл алганынын себеби катары, өлкөдө автомашиналардын көбөйүп кеткенин жана оң рулдуу машиналар жол кырсыктарына себеп болуп жатканын жүйө келтирген


Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Маркл падышалык үй-бүлө макамынан баш тартат. Алар буга чейин макамына жараша берилип келген каржылык артыкчылыктарынан баш тартты. Мындан ары түгөйлөр өз алдынча акча табуунун үстүндө иштей турганын социалдык тармактагы расмий баракчасына жазып чыккан. Түгөйлөр бул чечимди кабыл алууга бир нече ай кеткенин айтат.

 "Биз падышалык үй-бүлө макамынан баш тартууга ниеттенип жатабыз. Каржылык жактан көз каранды  болбош үчүн өз алдынча иштейбиз. Ошол эле мезгилде улуу урматтуу ханышанын алдында милдеттерибизди аткарабыз", - деген алар.

Гарри менен Меган Маркл географиялык балансты сактоо максатында Улуу Британия менен Түндүк Америкада кезектешип жашай турганын кошумчалаган.

"Мындай аймакта жашоо  балабыздын падышалыктын салттарын сыйлап-урматтаганга, тарбиялоого мүмкүнчүлүк  берет. Ошол эле мезгилде өзүбүздүн үй-бүлөбүзгө көбүрөөк көңүл бурууга, андан  кийинки жашообузга, тагыраагы, кайрымдуулук уюмун ачууга шарт түзөт". 

Ханзаада Гарри менен Меган Маркл баарына ыраазычылык билдирип, мындан ары деле ханзаадалар Чарльз,  Уильям менен кызматташып турарын билдиришкен. Ал эми Букингем хан сарайынан бул суроону азыр кароого эрте экенин маалымдашкан.Британиянын ханзаадасы Гарри менен Меган Марклдын үйлөнүү тою 2018-жылдын 19-майында өткөн. Түгөйлөр 2019-жылы 6-майда уулдуу болушкан. Кошумчалай кетсек, ханзааданын жубайы менен болгон мындай чечимине Улуу Британиянын ханышасы, ханзада Гарринин чоң энеси Елизавета 2 капа болгонун айткан.


Өзбекстандын Андижандагы бажы өткөрүү бекетинен өтүп бара жатып, бут кийиминин ичине 40 миң долларды катып алган адам кармалды.Өзбекстандын маалымат каражаттары мамлекеттик бажы комитетинин билдирүүсүнө таянып жазгандай, бажы кызматкерлери андагы бир кишинин шектүү аракеттерине көңүл бурушкан. Аны текшерүү учурунда бут кийиминин ар биринен 20 миң доллардан акча табылган.

"Ал адам акчаны  мыйзамсыз түрдө алып өтүү аракетин кылган. 40 миң доллар буга далил катары  алынды, учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Өзбекстандын "Валютаны жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, өлкөдөн улуттук жана чет элдик валютаны чыгаруудагы чек жеке адамдарга 100 миллион сум деп коюлган. Бул 10 миң 500 долларды түзөт.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"