Жаңылыктар
Кытайдын Харбин шаарында муз фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Дүйнө
Кытайдын Харбин шаарында муз фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан Харбин шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык муз фестивалында кардан, муздан айкел жасоо боюнча мелдештин жыйынтыгы чыкты. Мында, Благовещенск шаарынан катышкан команда 1-орунду камсыз кылды. 

Россиялык команда “Марска учуу” деген аталыштагы скульптураны жасашкан. Аны жасоого 5 күн убакыт кеткен. Жеңүүчүлөргө медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жалпы сынакта 7 өлкөдөн 15 команда ат салышкан. 2-орун эки командага ыйгарылды. Алар Монголия жана Орусиянын командалары.