Жаңылыктар
“Оскар” сыйлыгын тапшыруу алып баруучусуз өтөт
Дүйнө
“Оскар” сыйлыгын тапшыруу алып баруучусуз өтөт

“Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи быйыл дагы алып баруучусуз өтмөй болду. Бул тууралуу АКШнын Кино академиясы «Твиттердеги» баракчасына жазды, бирок себебин түшүндүргөн жок. Аталган сыйлыкты тапшыруу аземи быйыл 92-жолу өткөрүлөт. Мындай формат 1989-жылы болгон. Ал эми 1958-жылы 4 киши, 1987-жылы үч киши алып барган. 

Былтыркы иш-чарада алып баруучуга байланыштуу жаңжал чыккан. Комедиялык актер Кевин Харт анын бир кездери «Твиттерге» жазган адепсиз сөздөрү интернетке чыгып кеткенден кийин, салтанатты алып баруудан баш тарткан. Уюштуруучулар ошондон кийин сыйлыктарды тапшырган адамдар кечени алып барышат деп чечишкен. Дүйнөлүк киноиндустриянын абройлуу «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи АКШнын Лос-Анжелес шаарында 9-февралда өтөт.