Жаңылыктар
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет

Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы белгиленет. Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Анда Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында туулган күнүнүн 110 жылдыгын белгилөө боюнча бир катар сунуштамалар камтылган. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.