Жаңылыктар
ИИМ: үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүүдө кыйынчылыктар бар
Шайлоо 2023
ИИМ: үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүүдө кыйынчылыктар бар

Аялдарга карата болгон үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүүдө кыйынчылыктар бар. Анткени, бардык эле жабырлануучу расмий арыз менен кайрыла бербейт. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы таратты. Билдирүүгө ылайык, эгер мурда үй-бүлөлүк зомбулукка карата административдик жаза каралса, 2019-жылдын 1-январынан баштап киргизилген жаңы кодекстердин негизинде Жоруктар кодексине киргизилген. Муну менен бирге 2017-жылы кабыл алынган “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы коргоо” мыйзамы зомбулукту алдын алууну кеңейткен. Маалымат катары айтсак, 2019-жылы 5 миңден ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталган.