Борбор калаада эки сейил бактын курулушу башталды. Алар Кыргызстан - Азербайжан достук багы жана Аалы Токомбаев - Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде түптөлгөн парк. Курулушка бүгүн капсула салынып, иш-чарага Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Кыргызстан Азербайжан достук багынын аянты 5,5 гектарды түзөт. Анын аймагында спорттук аянтчалар, балдар аянтчасы, велосипед жолу жана унаа токтотуучу жай салынып, ичи толугу менен жарыктандырылат. 1200дөн ашык бактар отургузулмакчы. Каржылоо толугу менен Азербайжан тараптан болот.
Сооронбай Жээнбеков жаңы сейил бактын курулушу менен шаар тургундарынын жана меймандарынын эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Акыркы кезде Бишкекти жашыл шаар атына кайтаруу аракети күчөтүлүп жатканын айтты. Ал эми Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде курула турган жаңы паркты өлкө башчысы “Балалык” деп атоону сунуш кылды. Анын жалпы аянты 10 жарым гектарды түзүп, шаар бюджетинин каражатына 73 млн сомго курулмакчы. Сейил бактары ушул жылдын күз айларында колдонууга берилет.