Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгонуна 5 жылга аяк басты. Бул уюмдун башкы максаты - ЕАЭБге мүчө мамлекеттер ортосунда экономикалык карым-катнашты бекемдөө болуп саналат. Кыргызстан биримдикке кошулуу менен башка дагы утуштарга жетишкен. Алсак, чет жерде эмгектенген мекендештерибизге кыйла жеңилдиктер түзүлдү.
Алмазбек Койлубаев Россияга учууга камылга көрүүдө. Он жылдан бери бөтөн жерде, заводдо эмгектенген мекендешибиз үй-бүлөсү менен жаңы жылды тосууга мекенине келген. Ал өлкө ЕАЭБге мүчө болгону Кыргызстандын жарандары орусиялыктар менен бирдей укукка ээ болуп, артыкчылыктар сезилерлик экенин айтат.
Россияда расмий 750 миң, расмий эмес 1 миллиондун тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Коңшу Казакстанда алардын саны 35 миңден көп. ЕАЭБ өлкөлөрү ортосундагы келишимде эмгек мигранттарга пенсия чегерилет, социалдык камсыздоо дагы эске алынган.
Серепчилер өлкөдөгү ар бир бешинчи үй-бүлө эмгек мигранттардын салган акчасына жашаарын аныктаган. Алар ЕАЭБдин жалпы укуктук базасына байкоо жүргүзүп келишет. Айтымдарында сыртта эмгектенген кыргыз жарандары өз мекенинде жүргөндөй эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Союз тараган соң миграция агымы башталган. Баштапкы жылдары кыргыз атуулдары көчө шыпырып, оор, кара жумуштарды аркаласа, азыр абал өзгөргөн. Иш издеп барган мекендештерибизге артыкчылык, жеңилдиктердин жардамы тийип, тейлөө кызматтарында эмгектенип жатышат.