Жаңылыктар
Өткөн жылы 2 миң тоннага жакын эт жана эт азыктары экспорттолду
Экономика
Өткөн жылы 2 миң тоннага жакын эт жана эт азыктары экспорттолду

Өткөн жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен 2 миң тоннага жакын эт жана эт азыктарынан жасалган продукция экспорттолду. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдирди. Эт азыктарын экспорттоо мурдагы жылдарга салыштырмалуу жогорулаган. Айыл чарба тармагындагы серепчилердин айтымында Кыргызстан этти экспорттоонун көлөмүн мындан да жогорулатуу дараметине ээ. 

Мындан беш жыл мурда өлкөнүн эпизоотикалык абалы этти сыртка экспорттоого орчундуу кыйынчылыктарды жаратып келсе, соңку жылдары жагдай жакшы нукка өзгөрүп баратат. Быйыл эт менен эт азыктарынын экспорту 2 миң тоннага жакындагынын Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы билдирди. Өсүштү республика боюнча мал ылаңына каршы жүргүзүлгөн чаралар шарттады.

2019-жылдын он айында экспорттолгон эттен түшкөн каражат 4 млн доллардан ашкан. 2018-жылга салыштырмалуу 100 тоннага көбүрөөк эт сыртка сатылган.
Эксперттердин айтымында, Кыргызстандын эт азыктарына суроо-талап чоң. ЕАЭБ мамлекеттери гана эмес, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, азыркы кезде Кытай дагы экологиялык таза эт азыктарын алууга кызыкдар. Бул үчүн, биринчиден, фермерлердик чарбаларды ирилештирүүсү зарыл, экинчиден, эл аралык талаптарга жооп берген мал союучу цехтерди көбөйтүү керек.

Кыргызстанда 193 мал союулуучу жай бар. 2018-жылы 2 цех ХАССП, же коопсуздук чараларын алдын алуу түзүмүнүн тастыктамасын алса, 2019-жылы 8 заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды. Быйыл айыл чарба министрлиги бул көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатууну көздөп жатат.