Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чыр-чатак көп катталган чек ара тилкелерине видео байкоо орнотулат. Бул эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусунда макулдашылды. Ошондой эле, эки тарап тең кырдаалды турукташтыруу жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.


10-январга караган түнү болгон окуя Баткен районундагы Жака-Өрүк айылында катталган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянсак тажикстандыктар кыргыз жарандары бараткан унааны ташбараңга алышкан. Мындай көрүнүш чек арадагы эки башка тилкеде орун алган. Ал эми чек арачылар барган учурда коңшу өлкө тараптан ок атылган.

Бирок Тажикстандын чек ара мекемеси башка маалыматты тараткан. Алар ок атуу Кыргызстан тараптан болгонун билдирген. Мамлекеттик чек ара кызматы бул айтылгандарды төгүндөп, кыргыз жарандары да, аскерлер да курал колдонбогонун белгиледи. Ошондой эле чыр-чатакты баштаган тажик жарандарына карата чара көрүлбөй жатканы да айтылды. Окуя болгон жерге Ички иштер министринин орун басары жана чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары барган. Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да Тажикстандын тиешелүү кызмат адамдары менен жолугушууга катышты.

Мындан сырткары Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чыр-чатак көп катталган чек ара тилкелерине видео байкоо орнотууну да макулдашылды. Кыргыз жарандарына кол салууга байланыштуу окуяны жергиликтүү милиция иликтейт.

Окуяда олуттуу жабыркагандар жок экени кабарланды. Чек арага жакын жашаган эки жүз элүүдөй адам Көк-Таш айылындагы мектепке жайгаштырылган. Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылганы да кабарланды. Ошондой эле, Тажикстанга Тышкы иштер министрлиги нота тапшырды. Эки өлкөнүн министрлери болсо телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды талкуулады. Анда өлкөнүн башкы дипломаты кыргыз жарандарына кол салууга байланыштуу окуяга тынчсыздануусун билдирген.