Жаңылыктар
Бишкектеги мыйзамсыз берилген жерлер кайтарылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги мыйзамсыз берилген жерлер кайтарылат

Мыйзамсыз берилип кеткен парк жерлерин муниципалдык менчикке кайтарып алуу мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарында эки жаңы сейил бактын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди. Өлкө башчысы Бишкек шаарынын "жашыл шаар" атын кайрадан кайтаруу негизги максат экенин, инфраструктураны өстүрүү менен бирге парк аймактарын коргоого, шаар тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө да көңүл буруларын белгиледи.


Бишкек шаарында ушул жылдын күз айларында дароо эки сейил бактын ачылышы болот. Алар Кыргызстан менен Азербайжандын достук багы жана Аалы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги “балалык сейил багы. Эки парктын тең курулушуна бүгүн капсула салынды. Сейил бактардын жалпы аянты 15 гектардан ашык жерди түзөт.

Кыргызстан жана Азербайжан достук багын Бишкекте куруу келишими 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында жана 2019-жылы Баку шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинин алкагында эки мамлекет башчысынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилген. Сейил бак борбор калаанын түштүк тарабында, Байтик баатыр менен Түштүк магистралдан жогорураак жайгашкан. Президент Сооронбай Жээнбеков, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси, шаардык мэриянын өкүлдөрү жана меймандардын катышусуунда курулушка капсула салынды.

Келишимдин негизинде Азербайжан тарап Бишкектеги «Көк-Жар» конушуна 550 орунга эсептелген заманбап үлгүдөгү мектеп куруп бермекчи. Өлкө башчысы бул иш-чаралардын бардыгы эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын жогорку деңгээлинин далили экенин белгиледи.


Президент 2020-жылы Кыргызстанга Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий сапары күтулүп жатканын кошумчалады. Сейил бактын ачылышы мына ошол учурга тушташ орун алмакчы. Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев Президент Сооронбай Жээнбековго долбоордун ишке ашырылуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин кайрылуусун окуду.