Жаңылыктар
"Жерүй" кен комбинатында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды
Кыргызстан жаңылыктары
"Жерүй" кен комбинатында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды

Талас облусундагы кен комбинатынын алтын өндүрүүчү фабрикасында өндүрүштү жөнгө салуу иштери башталды. Курулуш-монтаждоо иштери аяктап, инфраструктуралык объекттердин курулушу толук бүттү. Өндүрүш тилкесинде эмгектенгендердин 90 пайызы Кыргызстандын жарандары. Ошондой эле, облустун тургундарынын арасынан сынактын негизинде тандалгандар окутулууда. Кен иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине салык төлөмдөрүнүн түшүүсү көбөйүүдө. 


Жаркын Исмаилов "Жерүй" кенинде төрт жылдан бери иштеп жатат. Ал геологиялык чалгындоо тобунун мүчөсү. Бир айда 15 күн нөөмөттө болот. Айтымында маянасы жакшы жана кендеги шарттар бардык талаптарга туура келет.

Учурда Жерүйдө 760 адам иш менен камсыз болгон. Өндүрүш тилкеде эмгектенгендердин 90 пайызы жергиликтүү тургундар. Облустун тургундарынын арасынан сынактын негизинде тандалгандар атайын даярдыктан өтүп, кесиптик жактан окутулууда. Келечекте кенде иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон 380 адам даярдоодон өттү. Өткөн жылдын аягында кенде биринчи казуу иштери башталган. Учурда иш күнү-түнү тынымсыз жүрүүдө.

Ошондой эле, курулуш-монтаждоо иштери, анын ичинде башкы конструкцияларды тургузуу, технологиялык жабдууларды орнотуу жана түтүктөрдү монтаждоо аяктады. Калдык сактоочу жайдын, баштапкы кен кампасы менен аянттар аралык жолдун жана башка инфраструктуралык объекттердин курулушу толук бүттү.