Жаңылыктар
Коомдук коопсуздукту камсыздаган Кайгуул кызматы
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук коопсуздукту камсыздаган Кайгуул кызматы

Буга чейин милициянын Кайгуул кызматы Бишкек шаарынын эки районунун коопсуздугун камсыздап келсе, жыл башынан бери Бишкек шаарынын төрт району боюнча коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алышат. Коомдук жайларда жарандардын кайрылуусуна жооп берүү менен бирге, "102" байланышы боюнча келип түшкөн чакыруулар менен да иштешет. Азыркы тапта шаар боюнча 500дөн ашуун кайгуулчу иштеп жатат. Төртүнчү турда дагы 300гө жакын кызматкер алынуусу шарт.


Бала кезинен берки кыялы орундалып, Нуралы Жорокулов азыркы тапта милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору болуп эмгектенет. Иштегенине үч жума болсо да, бул убакыттын аралыгында ал өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтө алды.


Коомдук коопсуздукту биринчи орунга койгон кайгуулчу Эмилбек Айдарбеков чет өлкөдө окуп келгенине байланыштуу, англис тилин мыкты билет. Каарманыбыздын айтымында, кайгуул кызматы кылмыштуулук менен күрөшүүнү, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди натыйжалуу жүргүзүүдө.

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына дагы 146 кызматкер алынат. Муну менен сынактын төртүнчү туру жарыяланды.


Бишкек шаарынын төрт районунда 500дөн ашуун кайгуулчу иштеп баштаган. Жаңы кызматка дагы 200дөй кызматкер алынат. Бардык кызматкерлер, анын ичинде мурда иштеп жүргөндөр да үч айлык окуудан өттү.