Жаңылыктар
Фермерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө
Экономика
Фермерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө

Тургазы Бекембаев сүт багытындагы уй чарбасын көп жылдан бери иштетип келет. Уйлардын ар бири күнүнө 40 литрге чейин сүт берет. Бир литр сүттүн чарбадан чыккан баасы 28 сом. Учурда бул жерде 5 адам иш менен камсыз болгон. Уйдун башы дагы да көбөйсө жумуш орундарынын саны арбыйт. Жакында эле дүйнөлүк банктын колдоосу менен сүт сектерун өнүктүрүү максатында Ысык-Көл облусундагы фермерлерге сүт сааганга керектүү жабдыктар насыя түрүндө күрөөсүз берилди. Андан тышкары сүттүн майлуулугун текшерген аппарат да алышты.