Жаңылыктар
Ош облусунун мыкты дарыгеринин эмгеги мамлекет тарабынан бааланды
Ден соолук
Ош облусунун мыкты дарыгеринин эмгеги мамлекет тарабынан бааланды

Жыл тогошоор алдында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Салтка айланып калган мындай жакшы саамалык өмүр жолунда коомду алдыга сүрөгөн, кесибинде айырмаланган, өлкөнү өнүктүргөн инсандарыбыздын эмгеги унутта калбай тургандыгын дагы бир жолу ырастады. Бүгүнкү биздин каармандарыбыз өмүрүн медицинага арнаган өмүр сакчылары болмокчу.