Жаңылыктар
Кыргыз-түрк кызматташтыгын арттыруу аракети көрүлүүдө
Саясат
Кыргыз-түрк кызматташтыгын арттыруу аракети көрүлүүдө

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда билим, айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, туризм, социалдык тармактагы объектилердин курулушу жана башка долбоорлорду Кыргызстандын аймактарына жайылтуу боюнча иш пландар талкууланды. Ошондой эле, Серкан Каялар Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин чет өлкөдөгү биринчи кеңсеси Кыргызстанда ачылганын айтып, келечекте бир катар долбоорлор ишке ашырыларын белгиледи. 

Ал эми Кубанычбек Ѳмүралиев түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигин “Таза Суу” улуттук долбоорду ишке ашырууга жана Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди интернетке кошуу долбооруна катышууга чакырды.