Жаңылыктар
Бишкектин борбордук көчөлөрүнө тротуарлар жана веложолдор курулат
Спорт
Бишкектин борбордук көчөлөрүнө тротуарлар жана веложолдор курулат

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө тротуарлардын жана веложолдордун курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын малымат кызматы билдирди. Анда жаңы салынчу жөө адамдар баса турган жолдор “П” түрүндө болоору айтылды.Тратуарлар жана веложолдор Манас проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектине чейин курулат. 

Ал эми чыгыш тарабына тротуар гана курулуп, анын узундугу 3,7 чакырымга жетет.Чүй проспектисинин Манас проспектисинен тартып Байтик Баатыр көчөсүнө чейин узундуну 1,8 чакырым болгон тротуар жана веложолдор салынат. Байтик Баатыр көчөсүндө Чүй проспектинен тартып Ахунбаев көчөсүнө чейин шаардыктар жана велосипедчендер үчүн жолдун батыш тарабынан тартып тротуар жана веложолдор салынат. Ал эми чыгыш жагына тротуар гана курулат. Жалпы узундуу 18,4 чакырымды түзөт