Жаңылыктар
Кыргызстандын студенттери Бельгияда магистрдик бөлүмгө тапшыра алышат
Билим
Кыргызстандын студенттери Бельгияда магистрдик бөлүмгө тапшыра алышат

Кыргызстандын студенттери Бельгияда магистрдик бөлүмгө тапшыра алышат. Алсак, Белгиянын “Science@Leuven Scholarships” стипендиялык программасы чет элдик студенттер үчүн “Katholieke Universiteit Leuven” университетинин илимдер факултетинде магистратуралык программа иштеп чыкты. Анда чет жактан келген студенттер үчүн 10миң еврого чейинки өлчөмдө стипендия каралган. 

Ал стипендия бир жыл бою окуу акысын камтыйт, ошондой эле медициналык камсыздандыруу менен байланышкан чыгымдарды төлөп берет. Негизинен магистрдик окуу программасы эки жыл. Эгерде студент биринчи жылда окууну эң жакшы аяктаган болсо гана, экинчи жылга узартылат. Окууга тапшыруунун акыркы мөөнөтү ушул жылдын 15-февралына чейин.