Чет элдик басылмалардын маалыматында Австралиядагы өрттөн 1 миллиарддан ашык жаныбар кырылган. Учурда тийиштүү кызмат тилсиз жоонун айынан келтирилген чыгымдарды эсептөө менен алек.
Австралиянын токойлорунда мындан төрт ай мурда башталган өрт азыркыга чейин өчүрүлө элек. Бул аралыкта 5 миллиондон ашык гектар токой күлгө айланып, 20дан ашык адам каза болду. Өлгөн жаныбарлардын ичинен 8 миңдейи коала жандыгы болгону айтылууда.