Жаңылыктар
Стамбул аэропортунда туристтердин атын жазып, тосуп алууга тыюу салынды
Дүйнө
Стамбул аэропортунда туристтердин атын жазып, тосуп алууга тыюу салынды

1.Иран Украинага таандык Боинг 737 учагын кокустан атып түшүрүп алганын моюнга алды.

2."World of Tanks'тын" негиздөөчүлөрүнүн бири Вячеслав Макаров Мамлекеттик Думанын шайлоосуна катышуу үчүн партия түзүүнү чечти.

3.Түркияда Стамбул аэропортунда туристтердин атын жазып, тосуп алууга тыюу салынды.


Иран Украинага таандык Боинг 737 учагын кокустан атып түшүрүп алганын моюнга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргенин жазып чыкты.Маалыматка ылайык, учак адамдын кетирген катачылыгынан улам атып түшүрүлгөн."Адам кетирген катанын айынан учак кокустан атып түшүрүлгөн. Учак Ислам революциясынын коргоочулары корпусунун объектисинин жанынан учуп баратканда атылган. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри өзүнүн Twitter социалдык тармагындагы жеке баракчасына адамдын катачылыгынан улам болгон кырсык экенин жана каза болгондордун жакындарына көңүл айта турганын жазып чыкты", - деп жазылат маалыматта.Учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Бортто 167 жүргүнчү болуп, алардын баары каза болгон.


"World of Tanks'тин" негиздөөчүлөрүнүн бири Вячеслав Макаров 2020-жылдагы өтө турган регионалдык жана 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн партия түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.Ага ылайык, жаңы түзүлө турган "Түз демократияга карай" партиясынын съезди 5-мартка пландалган. Уюштуруу тобунда Макаровдон тышкары "Яндекс.Акча" ("Яндекс.Деньги") юридикалык сервис кызматынын орун басары Борис Чигидин, "Unwired Devices" компаниясынын генералдык директору Олег Артамонов, "Жандуу журналдын" ("Живого журнала") мурунку продюсери Тимофей Шевяков жана Евразиялык байланыш борборунун директору Алексей Пилько бар. Партиянын курамына IT-компаниянын жумушчулары чакырылган. Мындан сырткары, Макаров партиянын мобилдик блокчейн-тиркемеси болорун айтып, ага миллион доллар каражат коротууга даяр экендигин билдирген."Көптөгөн IT-компаниялары чоң суммадагы салык кызматын төлөп келишет жана алар жергиликтүү аймактардагы көйгөйлөрдү жакшы билишет", - деген Макаров.Макаров "World of Tanks" долбоору менен иштеп келет. Ал 2010-жылы чыккан. Видео оюндун ойлоп табуучулары жана иштеп чыгуучулары - булар "Wargaming.Net" Беларусь өлкөсүнө таандык компания. Компания Кипрде каттоодон өткөн. Ал жакта алардын штаб-квартирасы жайгашкан. Компаниянын кеңселери Орусияда, Беларуста, Украинада жана Германияда дагы бар. "Wargaming'дин" ээси Беларустун жараны Виктор Кислыйга таандык. "World of Tanks" оюнун Орусияда бир жыл ичинде 3 миллион адам ойнойт деп жазылган маалыматта.


2020-жылдын 1-январынан тарта Стамбулдун эл аралык аэропортунда туристтик компаниялар аркылуу келген туристтердин аты-жөнүн жазып алып тосууга тыюу салынды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазат. Жаңы эрежеге ылайык, компаниянын өкүлү тартипти бузуп, туристтин атын жазып алып тоссо 48 евро өлчөмүндөгү айыпка жыгылат.Түркияга баргандарды эми туугандары менен жакындары, достору гана тосуп алат. Ал эми туристтерди кабыл  алуу үчүн өзүнчө зал ачылды. Туроператорлор мындай ыкмага каршы чыгып жатат.  Себеби жүргүнчүлөр паспорттук көзөмөлдөн өтүп, жүгүн алып, анан кайрадан залга барганы ыңгайсыз экенин белгилешкен. Түркиянын туроператорлор союзу дагы мындай регламентке каршы экенин билдирип, ага карата укук коргоо каражаттарын колдонорун айткан.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"