Жаңылыктар
Екатеринбургда кыргыз ыр-бийи жаңырат
Мекендештер
Екатеринбургда кыргыз ыр-бийи жаңырат

Екатеринбургда “Ак шоола” ыр-бий ансамбли түзүлүп, анын мүчөлөрү - таланттуу жеткинчектер Кыргызстандан келген мигранттардын балдары. Бул топтун мамлекеттик деңгээлдеги сынактарга катышууга да мүмкүнчүлүктөрү жаралып отурат. 

Эдиса Мамырова Каракол шаарынан Екатеринбургга мындан 5 жыл мурда биротоло келген. Ага чейин анын уулу россиялык жогорку окуу жайдын бирине тапшырып, баласынын жанында болууну чечкен. Тажрыйбалуу мугалимди жергиликтүү мектеп директору байкап, 2015-жылы Екатеринбург шаарындагы №127 мектептин башталгыч класстарына мугалим болуп иштеп калган. Мектеп шаардын мигранттар көп жашаган аймагында жайгашкан. Эдиса Мамыроваынын көп жылдык тажрыйбасы, анын максаттарынын ишке ашышына көмөкчү болуп отурган чагы.

2017-жылы мектептин музыка мугалими Эдиса Мамыровага кыргыз балдарынан атайын топ курап, “Элдик оймо-чийме” аттуу райондук сынакка катышууну сунуштайт. Ошентип айтылган ой ишке ашып, кичинекей таланттуу кыргыз балдарынан “Ак шоола” аттуу ансамбль түзүлүп, кыргыз улуттук ыр-бийи жергиликтүүлөрдүн сүймөнчүгүнө бат эле айланыптыр.

Азыркы учурда балдар кезектеги сынакка даярданып жаткан кези. Ансамблдин учурдагы көйгөйү да кеңсе маселеси. Ал эми Эдиса Мамырованын бирден бир тилеги – жеткинчектерди улуттук маданият, салт-санаа, ыр-күү, бийге кыргыз улуттук борборунда үйрөтүү.

Ушул жай мезгилинде “Ак шоола” ансамблинин балдары көгүлтүр Ысык-Көлдө эс алат. Топтун жетекчисинин айтымында, көлгө жолдомону Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрайымы Гүлшан Долонбаева алып берген. Бир нече күн мурда диаспоранын колдоосу менен балдарга сахнага кийчү жаңы кийимдер тигилген. Белгилеп кетчү нерсе, ансамблде балдар акысыз тарбияланат. Эдиса Мамырованын айтымында, негизгиси жеткинчектер кыргыз улуттук маданиятын, үрп-адаты менен тилин унутпай жүрсө болгону.