Жаңылыктар
Кыргызстанга көчүп келген памирликтер кыргыз жарандыгын алыша элек
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга көчүп келген памирликтер кыргыз жарандыгын алыша элек

Нарын облусуна Памирден үч жыл мурун көчүрүлүп келинген этникалык кыргыздарга кайрылман макамы узартылып берилди. Бирок алар жарандык алууну максат кылышууда. 

Деген менен мекендештер Афганистандын жарандыгынан чыга  элек. Мындай шартта кыргызстандыктар сыяктуу эле жер иштетип, мал кармап, үй-жай күтүүгө болбой тургандыгын тиешелүү мамлекеттик орган өкүлдөрү билдиришти. Буга байланыштуу жарандыгы жок памирликтер азырынча кайрылман статусун алуу менен гана чектелишет. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"