Жаңылыктар
Чек ара: Көк-Таш айылындагы орто мектепте окуу башталды
Чек ара
Чек ара: Көк-Таш айылындагы орто мектепте окуу башталды

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы орто мектепте окуу башталып, күнүмдүк тартипте сабактар өтүлүүдө. Бул туурасында биздин каналга Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабар беришти. Эске салсак, чек арадагы акыркы окуяга байланыштуу, Көк-Таштагы балдар, аялдар жана карылар убактылуу мектептин имаратына жайгаштырылган. Жалпы 250дөн ашуун тургун Шайдулла Ганы атындагы мектептен башпаанек алышкан. Абалдын жөнгө салынышы менен тургундар кайрадан үйлөрүнө кайтып келишти. 

Жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрү чек арадагы абалды көзөмөлдөө жана элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүүнү улантууда. Ошондой эле, жергиликтүү элге ар кандай чагымчылдыкка азгырылбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 13-январга карата аймакта абал туруктуу.

“9-10-январда болгон окуяларга байланыштуу Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы атындагы орто мектепке жергиликтүү тургундар убактылуу чыгарылган болчу. Учурда коопсуз жайга чыгарылган тургундар толугу менен үйлөрүно кайтты. Аталган орто мектепте окуу процесси башталды. Мектепте окуу кадимкидей жүрүп жатат. Аймакта коомдук коопсуздукту облустун күч түзүмдөрү толугу менен көзөмөлгө алган”,- деди Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова.