Жаңылыктар
Бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды
Коррупция
Бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды

Бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, милиция Мамлекеттик бажы кызматынын ички коопсуздук кызматы менен биргеликте жалпы суммасы 253,5 миң долларлык тамекини уруксатсыз бажы транзитине киргизүү фактысын аныктаган. 

Бул боюнча мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери кармалган. Ал Жазык кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча шектелүүдө. Шектүү Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.