Жаңылыктар
Мыйзамсыз иштеген ломбарддар жабылышы мүмкүн
Экономика
Мыйзамсыз иштеген ломбарддар жабылышы мүмкүн

Өлкө  аймагындагы ломбард ишин мыйзам аркылуу жөнгө салуу демилгеси талкууланууда. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмолдөө боюнча мамлекеттик кызмат көзөмөл кызматынын берген маалыматына караганда, Кыргызстанда ломбард иши лицензиялык уруксаат берүү алуу аркылуу жүргүзүлүп келип, кийин мындай талап жоюлуп кеткендиктен, ал Жарандык кодекс аркылуу жөнгө салынып калган. Күрөөканалар  тармагында азыр талаш-тартыштар арбын. Мындан улам алардын  иши мамлекеттик жөнгө салуу алкагынан сырткары калбашы керек  дешет адистер.  18-майда  Жогорку Кеңеште  бул багытта  атайын мыйзам долбоору иштелип чыкты.Анда  ломбард ишин уюштуруу тартиби менен ыраатташтыруу чаралары камтылды.

Күрөөканага   кыймылсыз жана кыймылдуу  мүлк  жана  буюмдарды  күрөөгө  коюп  акча алууга  болот. Бирок  өз учурунда алган  карыздын пайызын төлөй албай  калып күрөөгө коюлган  буюмду, же кыймылсыз жана кыймылдүү мүлкүн  арзан баада алдырып ийүүгө  болот. Зер буюмун  ломбардга  алдырып жибергендердин катарында Гулбара  Тургунбаева  дагы бар.  Кантип алданып калгандыгыныа  токтолгон  Гулбара бир жолу алдангандан кийин баалуу буюмумду  ломбардга койбой калгам дейт.Шаар тургундары, анын ичинен  ломбардга  алтын буюмдарын күрөөгө коюп  каражат тартыштыгын  жойгондордун көпчүлүгү  аялдарга мүнөздүү. Сурамжылоого тартылган жарандарыбыздын  дээрлик бардыгы  да  айымдар болду.

Бүгүнкү  күндө ломбард ишмердигин жүргүзөм деген  жаран  потент  алып  гана  ишин баштай берсе болот.  Ал  үчүн  атайын уруксат  кагазы талап кылынбайт. Ош базарында бир катар жылдардан бери ломбард иштетип келген  Валерий  3 жыл мурда лицензия алып келгенбиз. Азыр ишмердикти жүргүзүүгө  каржы министрлигинин  баалуу металлдар департаменти  тарабынан  берилген   документ  жетиштүүлүк кылат. Ай сайын  патенттин мөөнөтүн узартуу үчүн  15 миң сомдон төлөйбүз, бирок кардарларды алдап  кетүүгө мүмкүн эмес. Анда   ишибиздин  мааниси жоголот дейт ал.

“Лицензияны  мындан 3 жыл  мурун алып салышкан. Ал  улуттук банк  тарабынан  берип келген. Азыркы күндө ломбарддардын бардыгы  лицензиясыз иштейт. Бирок бул жерден айта  кетчү бир жагдай, биз  бир гана  түстүү металлдар жана асыл таштарды кабыл алууга гана  уруксат  алабыз. Ошол жетиштүү. Ал уруксат кагазы  каржы министрлигинин  баалуу  металлдар  департаменти  берет. Мындан сырткары  патент менен иштейбиз. Ай сайын патенттин мөөнөтүн узартуу үчүн биз  15 миң сом төлөп турабыз. Бирок кардарды алдап кетүү деген бизде болбойт. Кардарларды  алдасак ишибизди жаап коюшат”.

Финансы  рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын  өткөн жылы берген маалыматында республика боюнча ломбарддардын саны  278 экендиги айтылган. Эң көбү Бишкек шаарында, же 104 ломбард бүгүнкү күндө өз ишмердигин жүргүзүп келет. Бирок каржы министрлигине караштуу   баалуу металлдар  департаментинин  башкы  адиси Толукбек  Муктарбековдун айтуусунда, депаттаремттин каттоосунан  расмий өткөн ломбарддардын жалпы өлкө  боюнча 106. Кардардын  буюмун,же мүлкүн  ээсинин  уруксаты жок  ачканга   эч кимдин укугу жок. Ломбарддын  ар бир кардары  өз учурунда пайызын төлөп,  же  берилген сумманы төлөп берсе  эле маселе жаралбайт дейт ал.

«Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзам  долбоору  тезинен  кабыл алынуусу  керек. Антпесе ломбарддардын ишин  жөнгө салган бүгүнкү күндө бир дагы мамлекеттик орган жок.  Күрөөканалар  болгону ай сайын патент үчүн 15 миң сом төлөп   оңой акча табууга  ыңгайлашып  алышты. Патенттин баасы көтөрүп, ар бир юридикалык  жеке  ишкерлик   экономикага  салымын салгыдай болушу  тийиштигин  экономика  илимдеринин кандидаты  Анарбек  Абдыжапаров айтты.

Белгилей  кетсек, 18-майда  Жогорку Кеңеште өлкө аймагындагы ломбард ишин мамлекеттик жөнгө салууга багытталган «Ломбарддардын иши жөнүндө» мыйзам долбоору  каралган. Аталган  мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ломбарддардын ишмердүүлүгү  2009-жылдын жарымына чейин лицензия берилүүчү  түр катары, Улуттук банк тарабынан  иши жөнгө салынып келген. Ишкерликтин ишмердүүлүгүн  жөнгө салууда  нормативдик актыларды оптимизалиялоо боюнча  мекемелер аралык  комиссиянын  аныктамасы менен 2009-жылдын 31-июлунан баштап ломбард ишмердүүлүгү лицензия бериле  турган ишкердиктин тизмесинен  алынып салынган. 

Г. Каражанова, “Биринчи радио”