Жаңылыктар
Чолпон-Атада жеке ишкердин жардамы менен гемодиализ борбору ачылды
Ден соолук
Чолпон-Атада жеке ишкердин жардамы менен гемодиализ борбору ачылды

Чолпон-Ата шаарында меценат Мирлан Исагалиевдин жардамы менен гемодиализ борбору ачылды. Бул борборго Германиядан келген атайын жабдыктар коюлду. Эми Ысык-Көл районундагы бөйрөк оорусуна чалдыккан жарандардын дарылануусу бир топ жеңилдейт. 

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда жалпы 80 адам гемодиализ алса, анын ичинен 32 адам Ысык-Көл районунда жашайт. Мындан сырткары эс алууга келген жарандарды да кабыл алуу каралган. 

Эске салсак, Мирлан Исагалиев буга чейин Балыкчы шаарына дагы жеке каражатына гемодиализ борборун ачып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагына өткөрүп берген.